Ысык-Көл облусунда жайкы туристтик сезондун башталышынан бери 85 жол кырсыгы катталып, 21 адам каза болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-августта билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны 137ге жеткен. Өспүрүмдөрдүн катышуусунда 12 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 13 бала денесинен ар кандай жарааттарды алышса, 1 бала каза болгон.
Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде 87 жол кырсыгы катталып, 41 адам каза болгон.