"Ысык-Көлдө эс алып жүргөн жарандарды тоногон" деген шек менен Тору-Айгыр айылынын 2 тургуну кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-августта билдирди.
Маалыматтарга ылайык, аталган айылдын Тилек жана Акылбек аттуу тургундары Бишкек шаарынан эс алууга барган Нусупхан жана Дастан аттуу жарандарды ур-токмокко алып, уюлдук телефондорун тартып алышкан.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды. Алардын жанынан тоноп алган буюмдары табылды. Иликтөө иштери уланууда.