"Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун тургунун тоногон" деп шектелген жаран кармалды

Милиция кызматкерлерине Жалал-Абад облусунун 1972-жылы туулган Н.Урматбек аттуу тургуну кайрылган. Анда ал Бишкек шаарынын Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде жашы 20-25 чамасындагы белгисиз балдар уюлдук телефонун тартып алышканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Чүй облусунун тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-августта билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан