Аламүдүн районунда айдоочу 9 жаштагы кызды сүзүп, кыз окуя болгон жерде каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-августта билдирди.
Маалыматтарга караганда, кечээ саат 18:00 чамасында Төмөнкү Ала-Арча айылынан Мерседес-Бенц унаасы 9 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Катуу соккудан улам кыз окуя болгон жерде каза тапкан. Унааны аталган айылдын 1992-жылы туулган тургуну башкарып бара жаткан. Учурда унаа айып жайына токтотулуп, иликтөө иштери уланууда.