Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдары тарабынан бир катар мыйзам бузуулар катталганы аныкталды

Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдары тарабынан бир катар мыйзам бузуулар катталганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-августта билдирди.

Маалыматка караганда, 2007-жылдан 2009-жылга чейин Бишкек шаардык мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын эсебине 70 даана таштанды чыгаруучу унаа келип түшкөн. Бирок эч себепсиз 15 унаа эсептен чыгарылган. Ошондой эле жасалма документтер аркылуу 2012-2014-жылдар аралыгында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызмат адамдары 1 миллион 319 миң сомду өздөрүнө чегерип алышкан. Учурда жогорудагы факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан