Бишкек – Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 6-августта билдирди.
Маалыматка караганда, 5-август күнү Бишкек – Ош унаа жолунун 153-чакырымында Хонда Степвагон жана Мерседес унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен Мерседес унаасынын ичиндеги 6 жүргүнчү жабыркаган. Ошондой эле айдоочунун 6 жаштагы баласы каза болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.