Келинин, кудагыйын бычактаган жаран: "Келиним жана анын апасы мени ур-токмокко алышты, мен кармана албай калдым"

Келинин, кудагыйын бычактаган жаран "келиним жана анын апасы мени ур-токмокко алышты, мен кармана албай калдым" деди иликтөө учурунда. Буга чейинки маалыматта кылмышка шектүү жаран келиндин кайнатасы экендиги айтылган, бирок иликтөөдө ал каза болгон айымдын кайнагасы экендиги аныкталган.

Анын айтымында, иниси жана келини Орусияда иштешчү, келини жакында эле ал жактан келген. Ал күнү үй-бүлөлүк келишпестиктерден улам келини менен апасы (шектүүнүн кудагыйы) адегенде кылмышка шектүүнүн атасы менен уруша кетишип, ага карата жаман сөздөрдү айтып башташкан. Ортого кылмышка шектүү түшө калганда аны келини башка чаап жиберген. Кийин кудагыйы да кызына кошулуп ур-токмокко алып баштаган. Мүдүрүлүп жыгылган учурда ал бычакты көрүп калган. Андан кийин эмне болгонун билбей калган.

Иликтөөдө аталган жаран келинине жана кудагыйына 5 жолудан бычак урганы аныкталган.

Эске салсак, 4-август күнү 56 жаштагы Кант шаарынын тургуну 31 жаштагы келинин жана анын 54 жаштагы апасын бир канча жолу бычак менен сайган. Анын кесепетинен экөө тең каза болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
rumaika5544
2014-08-06 12:51:16
Оо кудай адамдар эмне эле болуп баратышат,Жараткан озун ыйман бер!!!
+2
kamarik
2014-08-06 12:53:51
Келиндин чон кайнатасына кол которушуптур
+1
Ganibal87
2014-08-06 17:55:22
Сабырдуу болойлу урматтуу бир туугандар келиндин апасы кызыны кой деп болуштургондун ордуна кошулуп асылганы чатак болуптур бекеринен айтылбайта апасын коруп кызын ал деп. Эркектерибизге да сабыр берсин!
+3
Revolyutsioner
2014-08-06 22:34:07
Эгер жогорудагы адамдын айткандары туура болсо келини менен анын апасы оздору ажал тилеп барышыптыр. Бычактап салуу туура эмес, бирок тигилер биринчи болуп кол которушкону чын болсо анда токмоктоппу же жон гана турткулоппу эшикке, кочого чыгарып кою туура болмок.

Азыркы апалар кызына татыктуу тарбия бергендин ордуна оздору жамандыкка туртуп жатканын кадам сайын коробуз, ажырашуулардын коптугу да апалардын куноосу кыздарына тарбия бере албаган убакыт болуп. Кыздарга телефон болсо
+1
Manasemetei
2014-08-07 05:43:19
Owondoi,menda oilogom jetkiriwkenda owogo.bul jakta turup bir nerse dep aituu kyiyn.birok jaman iw boluptur
+3
zara-919
2014-08-07 12:41:28
бирөөсүн күнөөлөштүн кереги жок, аларга ошондой ажал буйруган да..
0
KERI_0000
2014-08-07 14:06:38
начар тарбиядан азабын эми бул киши тартат(( бычактаганга жеткирген экен да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан