Бишкек шаарындагы “Неман-фарм” дарыканалар тармагы пенсия курагындагы адамдарга каралган 5 пайыздык жеңилдикти жоюп салды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда өткөн маалымат жыйында аталган компаниянын медициналык-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Урмат Жумашев билдирди. "Кайсы дарыларга карата кошумча нарк салыгы киргизиле турганын билбейбиз. Азырынча өзүбүзгө чыгым алып келбесин деген максатта пенсионерлер үчүн жеңилдиктерден баш тартууга туура келди”,- дейт Жумашев. Эскерте кетсек, Салык кодексине киргизилген өзгөртүүгө ылайык, 1-январдан тарта дарыларга 12 пайыздык кошумча нарк салыгын киргизүү каралган.