Чүйдө "59 жаштагы айымдын башына жана мойнуна бычак сайган" деген шек менен 60 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-августта билдирди.
Маалыматтарга караганда, Чүй районунун Арал айылынын 1955-жылы туулган К.О. аттуу тургуну жол ишканасында кароолчу болуп эмгектенип келген. Кечээ саат 05:00 чамасында ал иштеген ишканага 1954-жылы туулган К.Т. аттуу тургун мас абалында келип, себепсиз эле К.О. аттуу айымдын моюнуна, башына бычак сайып салган.
Бул тууралуу милиция кызматкерлерине кабарланып, изи сууй электе кылмышка шектүү К.Т. кармалган.
Учурда шектүү адам убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүүдө.