Карактоо фактысына шектелип мурда сот жообуна тартылган Токмок шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-августта билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Токмок шаарынын 1973-жылы туулган тургуну кайрылган. Анда ал 5-август күнү кечинде үйүнө келе жатканда белгисиз адам күч колдонуп, уюлдук телефонун, акчасын алып койгонун айткан.
Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 43 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Ошондой эле кылмышка шектүүнүн 1990-жылдары ушундай эле кылмыш менен сот жообуна тартылганы белгилүү болгон.