“Жалал-Абад облусунда 32 жаштагы айымды тапанча менен коркутуп, 100 миң сомун тартып алган” деп шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-августта билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 14-июнь күнү белгисиз адамдар 32 жаштагы айымды тапанча менен коркутуп, 100 миң сомун тартып алышкан. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган.
Жогоруда аталган кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган М.Айтматов жана З.Акмат уулу кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.