Бишкек шаардык прокуратурасында болгон 3 сааттык түз байланышта 29 телефон чалуу болду

Бүгүн, 21-январда Бишкек шаардык прокуратурасы өлкө жарандары үчүн түз байланыш уюштурду. 3 саатка белгиленген түз байланыш учурунда жалпы 29 телефон чалуу болуп, алардын көпчүлүгү жер талашуу, турак-жай маселеси, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү боюнча суроо узаткандар болду. “Конституцияга ылайык, прокуратура органдары өзүнө жүктөлгөн бирдиктүү системди түзүп, аткаруу бийлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт”,- дейт Бишкек шаардык прокуратурасынын прокурору Залкар Акназаров. Шаардык прокуратурага былтыр 5952 кат келген. Бул 2011-жылга салыштырмалуу 32,7 пайызга көп болгонун айтат Акназаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан