* Мындан 98 жыл мурун, 1916-жылы Хисамутдин Шабданов Жети-Суу облусундагы боштондук кыймылдын жетекчилеринин бири Канаат Абукинге Пржевальск уездинин айрым айылдарынын жашоочулары Кытайга жер которо тургандыгын билдирген. Анын себебин алар орус бийлигинин астында аскер кызматын өтөбөй тургандыгы менен түшүндүрүшкөн.
* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы эл аралык долбоордун негизинде салынган Түндүк Кореядагы атомдук электр станциясынын курулуш иштери башталган.
* Мындан 138 жыл мурун, 1876-жылы Биринчи дүйнөлүк согуштун атактуу тыңчыларынын бири, бийчи Мата Хари (чын аты-жөнү Маргарета Гертруда Целле) туулган.
* Мындан 67 жыл мурун, 1947-жылы СССРдин Эл артисти София Ротару туулган.