Өлкөдөгү муниципалдык тейлөөлөр тутумун жакшыртуу боюнча жыйын болуп өттү

Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин жетекчилиги астында 6-августта мамлекеттик жана муниципалдык тейлөөлөрдү көрсөтүү тутумун жакшыртуу боюнча мекемелер аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. 

Анда муниципалдык мекемелер тарабынан көрсөтүлгөн тейлөөлөрдүн базалык тизмегинин долбоору каралды. Ошондой эле ИИМ тарабынан көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик тейлөө стандартынын 5 долбоору жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан көрсөтүлчү мамлекеттик тейлөө стандартынын 8 долбоору талкууга алынды.

Муниципалдык тейлөөлөрдүн базалык тизмегинин долбоору 13 тейлөө түрүн камтып, өлкөнүн бардык аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан керектөөчүлөргө акысыз жана акы төлөнүү жолу аркылуу көрсөтүлгөн муниципалдык тейлөөнүн минималдуу тизмегин көрсөтөт.

Базалык тизим долбооруна киргизилген бардык тейлөөлөр шарттуу түрдө бөлүнүп, административдик тейлөө (маалымдама жана документтерди берүү), муниципалдык мүлк объектилерине карата укук ыйгаруу боюнча тейлөө көрсөтүү жана социалдык-маданий тейлөө көрсөтүү деп бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан