Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов медициналык-социалдык экспертиза жана майыптарды реабилитациялоо борборунда иш сапары менен болду
Бүгүн, 21-январда КРнын Социалдык өнүктүрүү министри
Кылычбек Султанов бир нече райондор аралык медициналык-социалдык экспертиза
жана майыптарды реабилитациялоо борборунда иш сапары менен болду. Иш сапардын алкагында
аталган тармакта эмгектенген кызматкерлер министрге кайрылышып, көйгөйлөрүн, айлык-маяналарынын аздыгын, буга байланыштуу кызматкерлер көп алмаша тургандыгын айтышты. Мындан сырткары жумуштун сапатын жакшыртуу үчүн заманбап
техникалар керек болуп жатканын, ошондой эле бул борбордо нормативдик-укуктук база
толук эмес экендигин айтышып, жардам сурашты. Министр Кылычбек Султанов аталган көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык аракетин жумшай турганын билдирди.