Бишкек - Балыкчы унаа жолундагы кырсыкта ага-инилер унаанын ичинде күйүп кетишти

Бишкек - Балыкчы унаа жолундагы жол кырсыгынан эки адам набыт болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, кечээ, 6-августта саат 23:00 чамасында эки унаа кагылышып кеткен. Анын кесепетинен Форт-Транзит үлгүсүндөгү унаа күйүп, анын ичинде ээси, 1994-жылы туулган Исмар Мухамед, жанындагы иниси, 1998-жылы туулган Исмар Ибрагим болушкан. Форт-Транзит унаасынын айдоочусу жана жанындагы жаран мерт болуп, өрттөнүп, күйүп калышкан. 

Мерседес жүк ташуучу автоунаасынын айдоочусу, 1989-жылы туулган Сапарбек Култубаев жаракат алып, "Тез жардам" аркылуу ооруканага, жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Жүк ташуучу автоунаанын ичиндеги үйгө керектелүүчү эмеректердин 70 пайызы күйүп, калганы сакталып калды. Жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
tolkun85
2014-08-07 10:24:28
ммм жаман болуптур((( жаткан жери жайлуу болсун!
+1
Aitolkun91
2014-08-07 10:37:24
Жаш балдар он гулунун бир гулу ачыла элек кудай озун сакта боодо кырсыктардан.жаткан жери жайлуу болсун!
+1
aku
2014-08-07 10:45:44
Колго баргандан да коркуп атам,ушул жол кырсыктардан..
0
kyzy
2014-08-07 10:56:11
Акыркы кундору жол жургондон коркуп жатам ушуларды окуй берип
0
WINNER
2014-08-07 12:18:01
Айдоочулук куболугун сатып алгандар болсо керекда.
0
Nuri-Alina
2014-08-07 13:23:37
Жаткан жерлери жайлуу болсун жаш балдар экен
+2
jasi
2014-08-07 14:51:37
Бир заматта тоодой коргон эки уулунан ажыраган ата-эненин ахвалы не кечти экен. Сабыр тилейм! Арты кайырлуу болсун!
+1
alibekova94
2014-08-08 12:34:33
Жаткан жерлери жайлуу болсун. Окунучтуу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан