Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин шаар тургунунан 20 миң сом пара талап кылганы боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин шаар тургунунан 20 миң сом пара талап кылганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Бишкек шаардык прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык прокуратурага Ж.М. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери маселени оң жакка чечип берүү үчүн 20 миң сом акча талап кылышканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары С.Ш. аттуу жаран 13 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Учурда факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан