Ысык-Көлгө эс алганы келишкен Бишкек шаарынын эки тургуну көңүл ачуучу жайды тоношкон

Ысык-Көлгө эс алганы келген бишкектик тургундар көңүл ачуучу жайды тоноп кетишкен. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-августта билдирди.

Маалыматтарга ылайык, Бишкек шаарынын тургундары болгон Эдилбек жана Марат аттуу жарандар Ысык-Көлгө эс алуу үчүн барышкан. Ал жактан кайтып келе жатышканда эс алуучу жайлардын бирине кирип, Алия аттуу айымды бычак менен коркутуп, 150 миң сомго бааланган музыкалык аппаратты алып кетишкен. Бул тууралуу милицияга кабарланып, изи сууй электе кылмышка шектүүлөр кармалган. Иликтөөдө кармалган Эдилбек менен Марат аттуу жарандар буга чейин ошол эле эс алуу жайынын кардарларынын 18 миң сомун уурдап алышканы аныкталган. Алардын жанынан уурдап, тоноп алган буюмдар табылды.

Учурда аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
geniy
2014-08-08 00:48:25
Колдун да баркын кетиришет, ушундай акмактар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан