Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Орусиянын премьери Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Маалыматты бүгүн, 7-августта өкмөттүк аппараттан билдирди.
Премьерлер суу-энергетикалык долбоорлорду бирдиктүү ишке ашыруу, Кыргызстандын аймагына жаратылыш газын сатуу, Евразия экономикалык интеграция процессинин алкагында мындан ары эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Андан сырткары Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү жол картасын жүзөгө ашыруу боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшү тууралуу да сүйлөшүштү.