"Михаэль Шумахердин медициналык китепчесин уурдады" деп кармалган жаран өзүн өзү асып алды

"Михаэль Шумахердин ооругандыгы тууралуу бүт аныктамалар жазылган медициналык китепчесин спортчу дарыланган Франциянын Гренобль клиникасынан уурдады" деп кармалган жаран өзүн өзү асып алды. Ал 5-август күнү камакка алынган эле. Анын денесинде күч колдонуу же мыкаачылык менен өлтүрүүнүн белгилери болгон эмес. Бул тууралуу 6-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 
Буга чейин укук коргоо органдары "спортчунун медициналык китепчесин уурдоого Шумахерди Гренобль шаарындагы ооруканадан Лозаннадагы клиникага жеткирген тик учактар компаниясынын кызматкерлеринин катыштыгы бар" деген божомолду айтышкан эле. Кылмышка шектүүнүн авиаташуу менен алектенген компанияда иштээри аныкталган. 
Июнь айында кылмышка шектүү Кагемуся лакап аты менен европалык ММКларга медициналык картаны сунуштаган. Журналисттер укук коргоо органдарына маалымдашып, кылмыш иши козголгон. 

Эске салсак, автожарыштын "Формула-1" сериясы боюнча өтүүчү Дүйнө чемпиондугунун 7 жолку чемпиону М.Шумахер 2013-жылдын декабрь айында тоодо лыжа тээп жүргөн жеринен жыгылып, комага түшүп калган.

Июнда 5 айдан ашык убакыт бою комада жаткан германиялык автожарышчы Михаэль Шумахер комадан чыкканы жана анын медициналык китепчеси уурдалганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
WINNER
2014-08-07 12:20:09
Ошончолук маанилуубу ошол китепчеси?
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан