Өлкө боюнча 1-жарым жылдыкта 338 коррупциялык кылмыш катталган. Бул тууралуу ИИМдин 5-башкы башкармалыгынын жетекчилиги бүгүн, 7-августта журналисттер менен болгон жолугушууда маалымдады.
Маалыматтарга ылайык, 2014-жылдын 1-жарым жылдыгында 338 коррупциялык мүнөздөгү кылмыш иши катталган. Анын ичинде пара алуу боюнча - 37, коррупция - 7, кызмат абалынан пайдалануу - 172, ишенип берилген мүлктү ыйгарып же жоготуп алуу - 37, кызматтык жасалмачылык боюнча - 14 жана башка 69 коррупциялык кылмыш катталган.