Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгы мамлекетке 64 миллион сомдон ашык акча кайтарылганын маалымдады. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчилеринин журналисттер менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.
Маалыматтарга караганда, ар кандай коррупциялык мыйзам бузуулардын негизинде мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толуктоо боюнча иш алып барууда бюджеттин киреше бөлүгүнө 64 миллион 887 200 сом кайтарылган. Буга катар эле 510 миллион сомдук мүлк камакка коюлганы маалым болду.