Өкмөт: Күз-кышка сапаттуу даярдык көрүү үчүн топтор түзүлдү

2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине өтүүгө карата даярдыктын өз убагында жана сапаттуу өтүшүн мониторингдөө боюнча иштиктүү топтор түзүлдү. Мындай буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 7-августта кол койгонун аппараттан кабарлады.

Иштиктүү топторду түзүү боюнча чечим Кыргызстан калкын жана экономика тармактарын 2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине өтүүгө карата өз убагында даярдоо жана андан туруктуу өтүү максатында кабыл алынган.

Натыйжада төмөнкү чечимдер кабыл алынган:

Ар бир облуста 2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине өтүүгө карата даярдыктын өз убагында жана сапаттуу өтүшүн мониторингдөө боюнча иштиктүү топторду түзүү.

Иштиктүү топторго төмөнкүлөрдү мониторингдөө тапшырылган:

- Кыргыз Республикасынын калкын жана экономика тармактарын 2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине өткөрүү боюнча облустук жана райондук штабдардын ишинин натыйжалуулугу;

- келерки жылытуу мезгилине карата калкка жылуулук жана ысык суу берүүнү камсыздоочу ишканаларды, ведомстволук жана өнөр жай буу казандарды даярдоо;

- мамлекеттик мекемелер тараптан отун даярдоо жана жеңилдик алган жарандар категориясына акча каражатын өз убагында бөлүү боюнча пландык милдеттердин аткарылышы;

- бюджеттик мекемелер тараптан КР Каржы министрлиги бөлгөн акча каражатынын чегинде электр энергияны пайдалануу чегин сактоосу;

- калкка көмүр сатуу пункттарынын жана отун базаларынын жетиштүү санда болушу жана көмүр баасын көзөмөлдөө;

- көмүр өндүрүүчү ишканалардын 2014-2015-жылкы жылытуу мезгилине карата үзгүлтүксүз отун берүүгө даярдыгы;

- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-августундагы №297-р буйругуна ылайык, жаратылыш газынын берилиши токтотулгандыгына байланыштуу республикалык бюджеттен келерки жылытуу мезгилине карата Ош облусу жана Ош шаары үчүн бөлүнгөн каражаттын натыйжалуу пайдаланылышы.

Ошондой эле иштиктүү топтор белгиленген тартиптеги төмөнкү укуктарга ээ:

- ишке мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана көз карандысыз эксперттерди тартууга;

- КР Өкмөтүнө 2014-2015-жылкы жылытуу мезгилине карата даярдык боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган жактарга карата чараларды колдонуу тууралуу сунуш киргизүүгө.

Иштиктүү топторго ай сайын мониторинг жыйынтыктары тууралуу өкмөт аппаратына маалымат берип туруу тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан