Жалал-Абад облусунун тургунунан чоң көлөмдөгү баңгизат алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 7-августта билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен шаарынын автобекетинде Жалал-Абад облусунун тургуну кармалган. Анын баштыгын текшерүү учурунда 10 килограммга жакын баңгизат табылган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.