"Бажы биримдигинин биз үчүн кемчилиги да бар, жетишкен жагы да бар. Ал жакта бизди эч ким кучак жайып тосуп албайт. Ал жакта атаандаштык күч алат. Бирок биз ишенимдүү жана күчтүү болуш үчүн ага киришибиз керек",- деди экономика министринин орун басары Данил Ибраев бүгүн журналисттер менен жолугушуу учурунда.
Эске салсак, 4-августтан 7-августка чейинки аралыкта Евразия экономикалык комиссиясынын ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча департаментинин өкүлдөрү иш сапары менен Бишкекте жүрөт. Иш сапардын негизги максаты КРнын мамлекеттик органдары менен Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүдөгү инвестициялар, интеллектуалдык менчикти коргоо, эмгек миграциясы маселелерин талкуулоо болуп эсептелет.
Жолугушуу учурунда Евразия экономикалык комиссиясынын жогоруда айтылган департаментинин директору Рустам Акбердин "Бажы биримдигине кирүүдө Кыргызстан үчүн эбегейсиз кенен рынок ачылат" деп билдирди.