Түп районундагы Айыл чарба техникумунун кызматкерлери бюджеттик каражаттарды себепсиз короткондугу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган техникумдун кызматкерлери мамлекетке 283 миң сом зыян келтиришкен. Учурда “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.