Токтогул районунда жол кырсыгы катталып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 7-августта билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 6-август күнү Бишкек – Ош унаа жолунун 297-чакырымында катталган. Анда жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу башынан, колунан жаракат алган.