Канатбек Муратбеков берген арызына ылайык, энергетика жана өнөр жай министринин орун басары кызматынан бошотулду. Буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 7-августта кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Премьердин башка буйругу менен Муратбековдун ордуна Сүйүнбай Айткулов энергетика жана өнөр жай министринин орун басары болуп дайындалды.