Япония өлкөсү Ысык-Көл райондук ооруканасына 59 миң долларлык медицина жабдыктарын берет

Япония өлкөсү Ысык-Көл райондук ооруканасына 59, 5 миң долларлык медицина жабдыктарын берет. Бул тууралуу  Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жаңы төрөлгөндөр үчүн жана чоңдор үчүн жасалма дем алдыруучу аппарат, акушердик керебет, автоклав, пульсоксиметр, аспиратор сыяктуу бир катар жабдуулар берилмекчи. Бул жардам гранттык программанын негизинде тапшырылмакчы, тиешелүү келишимге Япониянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Ясумаса Иидзима жана Ысык-Көл райондук ооруканасынын жетекчиси Альмира Алдашева кол коюшту. “Бул жабдыктар медициналык тейлөөнү жакшыртууга жана эне менен баланын өмүрүн сактап калууга чоң жардам берет деп ишенем”,- деди Иидзима. Альмира Алдашева да бул жабдыктар абдан керек экендигин айтып, Япония тарапка ыраазычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан