Президент Алмазбек Атамбаев 4-июлда кол койгон мыйзамга ылайык, жол эрежелерин бузгандарга жоопкерчиликти жогорулатууга багытталган мыйзам эртең, 8-августтан тартып колдонула баштайт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат-укуктук системинде 8-июлда расмий жарыяланып, ал бир ай убакыттан кийин күчүнө кирери айтылат.
Жол эрежелерин бузган айдоочуларга айып пул мурда 100 сомдон 2000 сомго чейин салынып келген болсо, жаңы чараларга ылайык, 500 сомдон 20 миң сомго чейин жогорулайт. Ал эми ичимдик ичип унаа айдагандар 10 миң сом төлөшсө, кырсыкка себепкер болгондорго 20 миң сом салынат же 4 жылга айдоочулук укугунан ажырашат.