Буга чейин Бишкекте таксист айымдын унаасы менен досун сүйрөп, жол кырсыгына кабылганы айтылган эле. Бирок такталган маалыматтарга караганда, жол кырсыгына кабылган жаран таксист айым эмес эле, 14 жаштагы кыз экени аныкталды.
Муну 7-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы да тастыктады. Маалыматка караганда, 14 жаштагы кыз 6-август күнү эртең менен 1986-жылы туулган сүйлөшкөн жигити менен уруша кеткен. Андан соң жигитинин унаасына отуруп, аны айдап жөнөгөн. Аны токтотууга аракет кылган жигити унаанын
алдынкы эшигине жабышып алып бир канча метрге чейин сүйрөлүп барган.