Сокулук районунда колу-буту таңылып сууга чөктүрүлгөн жарандын өздүгү такталып, аны өлтүргөн деген шек менен 4 адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-августта билдирди.
Эске салсак, июль айында Сокулук районунун Панфилов айылына жакын жердеги көлмөдөн колу-буту байланган 30-35 жаштардагы азиат улутундагы адамдын жансыз денеси табылган.
Жансыз дененин үстүндө көк футболка, жынсы шым, ак сызыктары бар көк бут кийим бар болгон. Оң колунун терисинде балтага окшош сүрөт, сол колунун терисинде жел айдагыч (парус), 3 жылдызча жана күрөө тамырында кескиленген сыяктанган сүрөттөр тартылган. Иликтөөлөрдө маркум 24 жаштагы Б.С. аттуу жаран экени аныкталган.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган жарандын өлүмүнө шектүү катары Б.Ш., К.А., Ж.О. жана Н.А. аттуу адамдар кармалышты. Маалыматтарга караганда, бул жарандар маркум менен үй талашып жүрүшкөн. Алар 24 жаштагы Б.С. аттуу адамды Панфилов айылына жакын жердеги көлмө тарапка алып барып ур-токмокко алышып, өлтүрүп салышкан. Андан соң маркумдун башына мүшөк кийгизишип, колу-бутун таңып көлмөгө чөктүрүп жиберишкен.
Учурда шектүү делген жарандардын баары камакка алынып, иликтөө иштери уланып жатат.