Бүгүн, 7-августта КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиевдин катышуусунда кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отурумунда каралуучу маселелер талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жыйынтыгына ылайык, өзгөчө маанилүү жана көйгөйлүү маселелер боюнча сунуштарды даярдап, аларды аталган комиссиянын отурумунун протоколунун долбооруна киргизүү боюнча чечим чыгарылды. Андан соң бул долбоор тажик тарапка жөнөтүлөт. А.Маматалиевдин айтымында, кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отурумун өткөрүүгө муктаждыктар пайда болгон.