Жылнаама, 8-август: Мындан 39 жыл мурун Кытайда "Нина" тайфунунун кесепетинен 230 миңдей адам каза болуп, 300 миңден ашуун мал кырылган

* Мындан 45 жыл мурун, 1969-жылы Кыргызстандын Азия жана Африка өлкөлөрү менен тилектештик комитети калкка кыймылдын максат жана милдеттерин түшүндүрүү ишин баштаган. Советтик Азия жана Африка өлкөлөрү менен тилектештик комитет төрагасынын орун басары Чыңгыз Айтматов менен комитеттин жооптуу катчысы Александр Дзасохов бул күнү кеңири билдирүү жасашкан.
* Мындан 39 жыл мурун, 1975-жылы "Нина" тайфуну Кытайдын Жухе дарыясындагы бир нече дамбаны бузуп, көп аймакты топон суу каптаган. Ташкындан жана андан кийинки ачкачылыктан, эпидемиядан 230 миңге жакын адам көз жумган. Мындан сырткары 300 миңден ашуун мал кырылып, 6 миллионго жакын имарат кыйраган.
* Мындан 14 жыл мурун, 2000-жылы Москва шаарындагы Пушкин аянтында жардыруу болуп, 13 киши каза болсо, 118 адам ар кандай жарааттарды алган.
* Мындан 71 жыл мурун, 1943-жылы КВНчи, режиссёр жана Мамлекеттик Думанын депутаты Юлий Гусман туулган. 
8-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан