“Паспорт падышасы” атыккан Дмитрий Цой 6-сентябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу кечээ, 7-августта Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.
Айта кетсек, Дмитрий Цой 2014-жылдын 6-май күнү адам өмүрүнө кол салуу фактысына шектелип кармалган. Биринчи Май райондук соту “Интел-Линкс” жоопкерчилиги чектелген коомунун экс-директору Дмитрий Цойго карата баш коргоо чарасын карап, 2014-жылдын 6-июлуна чейин абакта болуу чечимин кабыл алган эле.
Учурда ал Бишкектеги №1-СИЗОдо отурат.