Тайырбек Сарпашев: "Курулуш экономиканын алгылыктуу өнүккөн тармагына айланууда"

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 7-августта куруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкө экономикасында куруу тармагы эң ири багыттардын бири болуп саналарын айтты.

“Курулуш тармагынын ички дүң продукциянын өсүшүнө кошкон салымы 7 пайызга жетти. Бүгүнкү күндө курулуш тармагында эмгектенген адамдардын саны 50 миңден ашты, ал эми курулуш тейлөө көлөмү биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгында 33 миллиард сомго жетти. Өлкө экономикасында курулуш алгылыктуу өнүккөн тармакка айланууда. Алдыда дагы жеткиликтүү ипотекалык насыялоону өнүктүрүү алкагында ири долбоорлорду ишке ашыруу турат",- деди Сарпашев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан