Жыл башынан бери жол кырсыктарынан 52 өспүрүм каза болгон. Бул тууралуу кечээ, 7-августта Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 6 ай ичинде жаш балдардын катышуусунда 696 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу көп. Ошондой эле жол кырсыктарынан жабыркаган балдардын саны 653кө жеткен.
Айта кетсек, жыл башынан бери жол кырсыктарынан 441 адам каза болуп, 4645 адам жабыркаган.