КРнын Премьер-министри
Жоомарт Оторбаев 7-августта вице-премьер-министр
Валерий Диль, «Газпром Кыргызстан» жана башка тийиштүү министрликтер, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, Чүй облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү жана өкмөт аппаратынын кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрүп, Бишкекти жана шаар четиндеги райондорду газ менен камсыз кылууну айтты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
«Электр энергияны үнөмдөө максатында Бишкекти жана жаңы конуштарды жаратылыш газы менен камсыз кылууну күчөтүү зарыл. Жаңы кошумча инженердик инфраструктураны кошуу үчүн бир катар иш-аракеттерди жүргүзүү керек»,- деди Оторбаев.
Ошондой эле өкмөт башчы «Газпром Кыргызстан» жана Энергетика министрлигине өлкөнүн газ-энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча комплекстик программаны иштеп чыгууга бир айлык мөөнөт берди.