КРнын Премьер-министри
Жоомарт Оторбаев бүгүн, 8-августта Талас облусундагы Бекмолдо айылына иш сапары менен барды. Анда айыл чарба тармагындагы экспорттун көлөмүн жогорулатуу үчүн Орусияга киргизилген санкциялардан Кыргызстан пайдаланып калышы керектигин айтты. Буга байланыштуу тийиштүү программаны иштеп чыгуу үчүн айыл чарба жана мелиорация министри
Таалайбек Айдаралиевге тапшырма берди.
"Орусияга азыркы тапта башка мамлекеттер санкцияларды киргизип жатат. Мындан улам алар Орто Азия мамлекеттеринен продукцияларды алышат. Кыргызстан ушул учурдан пайдаланып калышы керек. Орусия айыл чарба продуктуларын сатып алууга 50 миллиард доллар бөлөт",- деди өкмөт башчы.