Түркиянын чыгышында эки кыргыз уурдалганы айтылууда

Түркиянын чыгышындагы Ван облусуна караштуу Эржиш районунда жашаган Орхан Акжол жана Изат Өндер деген эки кыргыз улутундагы Түркия жарандары күрддөр тарабынан уурдалып кеткени айтылууда. Жергиликтүү тургундар чет элдик маалымат булактарына алардын 6-августтан бери дайынсыз болуп жатканын билдиришүүдө.

Маалыматка караганда, экөө районго бир чакырымга жакын аралыктагы курулуш объектисинде унааларды кайтарып турушкан. 6-августта кечинде күрд сепаратисттери унааларды өрттөп, Орхан менен Изатты уурдап кетишкени айтылууда. Күрддөрдүн бул аракети алдыдагы президенттик шайлоого карата жасаган аракеттери катары сыпатталууда.

Маалыматтарга караганда, бул аймакта күрддөр көп болгондуктан, көз карандысыз Күрдстан мамлекетин курууну максат кылышууда. Учурда уурдалгандарды куткаруу иштери жүрүп жатканы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан