"Жер-Үй" кенин иштетүүгө лицензиянын баасы буга чейин сунушталган 300 миллион доллардан төмөн болот

КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 8-августта Талас облусунда иш сапары менен жүрөт. Өкмөт башчы алтын кен иштетүүчү компаниянын абалы менен таанышып жатып: "Жер-Үй" кенин иштетүүгө лицензия буга чейин сунушталган 300 миллион доллардан төмөн болот",- деп билдирди.
"Жер-Үй" алтын кени - стратегиялык объект. Аны пайдалануунун башталышы менен жумуш орундары пайда болот да, бюджетке салык түшө баштайт. Бул кендин лицензиясынын баасы талкууланууда. Бул багытта атайын комиссия түзүлүп, ага жергиликтүү бийликтин жана өкмөттүн өкүлдөрү жана жарандык активисттер киришет. Негизги максатыбыз - тендерди ачык-айкын өткөрүү. Тендерге катышууга көп инвесторлордун катышуусун күтөбүз. Анткени бул жерде алтындын өздүк баасы арзан болот",- деди Оторбаев.
Мындан сырткары премьер иш сапар алкагында Киров суу сактагычына, Чоң Талас каналына барат. Ошондой эле социалдык жана өнөр жай объектилеринин иши менен таанышып чыгат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан