Салыктык текшерүү бөлүмдөрүнүн иштеринин жыйынтыгын чыгаруу менен, Салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыктарынын бир катар кызматкерлерине тартиптик жазалар берилди. Бул тууралуу 8-августта мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, бир кызматкерге катуу сөгүш жарыяланса, бешөөнө сөгүш жана алтооно эскертүү берилди. Ошондой эле 5 кызматкер иштин жоопкерчилиги азыраак башка орунга которулушту. Мындан сырткары бир кызматкер ээлеген кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарынын жана анын 4 районунун салыктык текшерүү бөлүмдөрүнүн 2014-жылдын 6 айындагы иштеринин жыйынтыгын чыгарды. Бишкек шаарындагы салык органдары үстүбүздөгү жылдын 6 айында 2173 салыктык текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында 1,4 миллиард сом өлчөмүндө салыктардын азайтылган суммалары бюджетке кошумча эсептелингендиги белгиленди. Бул 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 387 миллион сомго көп. Салыктык текшерүүнүн материалдары боюнча келип түшүү (өткөн мезгилдеги акты боюнча жоюуну кошкондо) 458 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 50,4 миллион сомго азыраак болгон.