КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев 8-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды. Жолугушууда өлкө башчы УКМКнын азыркы тапта аткарып жаткан жумушу жөнүндө маалымат алды. Мамлекет башчы менен Бусурманкул Табалдиев улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер, террорчулук жана диний экстремизм менен күрөшүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.