Ош шаардык мэриясынын кызмат адамдары тендер өткөрүү учурунда бир катар мыйзам бузууларга барышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 8-августта билдирди.
Маалыматка караганда, Ош шаарына аялдамаларды орнотуу боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында түрк компаниясы жеңүүчү аталган. Бирок ал компаниянын Кыргызстанда каттоодон өткөнү же өтпөгөнү такталган эмес. Ошондой эле аталган компания аялдамаларды өлкөгө алып кирүүдө 1 миллион сомдон ашык бажы төлөмдөрүн төлөгөн эмес. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.