Ахматбек Келдибеков: "Мэр кантип маселе чечет, эгер өлкөгө газ алып келүү анын милдетине кирбесе?"

Бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев тарабынан демилгеленген "Ош жана Бишкек шаарларынын статусу жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Анда комитет төрагасы Ахматбек Келдибеков мэрлердин жоопкерчилиги тууралуу пикирин ортого салды.

“Бишкек жана Ош шаарлары – Иса Өмүркулов менен Мелис Мырзакматовдун жеке менчиги эмес. Менин мэрлерге каршылыгым жок. Бирок алардын укугун кеңейтүү менен бирге жоопкерчилигин дагы карашыбыз керек. Кантип мэр маселени чече алат, эгер өлкөгө газ алып келүү анын милдетине кирбесе? Ал эмне кыла алат, эгер Токтогул суу сактагычында бир кырсык боло турган болсо?”,- деди А.Келдибеков.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан