Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия Республикасы жана Орусия Федерациясына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
8-10-август күндөрү Түркияга болгон иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Түркия Республикасынын жогорку жетекчилиги менен кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана ар кандай тармакта өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы пландары боюнча эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Ал эми 11-12-августта өлкө башчы Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле кыргыз-орусиялык ар тараптуу кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүнүн келечектерин талкуулашат.