Орусиянын Санкт-Петербург шаары жана Казакстан 2200 кыргызстандыкты жумушка чакырууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жыйынында министрликтин алдындагы Мигранттарды жумушка орноштуруу боюнча борбордун директору Каныбек Айдаров билдирди.
Анын айтымында, ушул жылы Орусия бийлиги менен кол коюлган келишимге ылайык, куруучулар, тигүүчүлөр жана электровоз-тепловоз айдоочулук кесибине ээ болгондор жумушка тартылат жана алардын маяналары жогору болот.
“Санкт-Петербург шаарынын Эмгек ресурстары борбору 1700 жумушчу керек деп жатса, Казакстан курулуш объектисине 500 жумушчуну чакырып жатат. Булардын айлык акылары жогору болот. Орусияда иштейм десе, 20 миң рублдан 45 миң рублга чейин, Казакстанда иштесе 200 доллардан 2 миң долларга чейин болот”, - деди Айдаров.
Ошондой эле Айдаров учурда борбор Дубай, Корея менен да келишимдик негизде иштеп жатканын кошумчалады. “Орусия, Казакстан жумушчулардын кесибине карап жатса, Дубай менен Корея тилди билүүсүн талап кылууда”,- деди ал.