Жоомарт Оторбаев Таластагы төө буурчак эгилген талааларды кыдырып чыкты

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев иш сапар алкагында Талас районундагы төө буурчак эгилген талааларды кыдырып чыкты.

«Өткөн жыл Талас облусунун дыйкандары үчүн түшүмдүү болду, таластыктар төө буурчактан жакшы түшүм алышты. Болжол менен 90 миң тонна түшүм жыйналган жана төө буурчак жакшы баа менен сатылды, жалпысынан дыйкандар түшүм эсебинен 200 миллион доллардан ашуун пайда табышкан. Буга байланыштуу төө буурчак республиканын Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Баткен облустарында эгиле баштады»,- деди Оторбаев.

Талас облусундагы өкмөттүн өкүлү Койсун Курманалиева быйылкы жылы өткөн жылга салыштырмалуу түшүмдүүлүк төмөн болорун маалымдады.

“Түшүмдүүлүккө суунун аз болушу терс таасирин тийгизүүдө. Дыйкандар быйылкы жылы өткөн жылга салыштырмалуу төө буурчакты 11 миң гектарга көбүрөөк себишкен, буга байланыштуу биз өткөн жылдын көлөмүндөй эле төө буурчак түшүмүн алууну болжолдоп турабыз. Ошондой эле ага карата баа өткөн жылдын деңгээлиндей эле болору күтүлүүдө, башкача айтканда, анын 1 килограммы 120 сомдон бааланат”,- деди Койсун Курманалиева.

“Суу тартыштыгына байланыштуу сугат сууну натыйжалуу пайдалануу керек, андыктан тамчылатып сугарууга өтүү зарыл. Орусия Евробиримдик жана АКШ мамлекеттеринен жашылча-жемиш алууга тыюу салгандыгына байланыштуу өлкөнүн экспорттук мүмкүндүгүн арттыруу керек»,- деди Жоомарт Оторбаев.

Премьер-министр жеринде Айыл чарба жана мелиорация министрлигине тамчылатып сугаруу жана өлкөнүн экспорттук мүмкүндүгүн жогорулатуу боюнча программа иштеп чыгууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан