Социалдык өнүгүү министрлигинин бир нече кызматкерине сөгүш берилип, кызматынан бошотулганы боюнча бүгүн, 8-августта Бишкекте министрликтин коллегиялык жыйынында айтылды.
Ага ылайык, Ош облусунун Ноокат райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы А.Аблакимов кызматынан бошотулса, Жалал-Абаддагы Базар-Коргон райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы Б.Саиповго сөгүш берилди.
Ал эми Баткендеги Кадамжай райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы Ч.Осмоновага жана Кызыл-Кыя шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы К.Мусаевге, Чүйдөгү Сокулук райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы Керимбай кызы Айымканга, Талас райондук социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы Т.Назаралиевге эскертүү берилди.