Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча германиялык компания жабдыктарын кийинки аптада Кыргызстанга алып келет

Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча тендерден утуп чыккан германиялык "Гизеке энд Девриент” компаниясы жабдыктарын кийинки аптада Кыргызстанга алып келет. Бул тууралуу 7-августта германиялык компания менен жабдууларды сатып алуу боюнча макулдашууга кол коюу учурунда маалым болгонун бүгүн, 8-августта Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Сатып алуу тендерине экинчи турда жалпысынан 7 компания катышып, Германияга таандык компания утушка ээ болгон.

Айта кетсек, КРнын Өкмөтү паспортту каалаган жарандарга 2015-жылдын июль айынан тарта таратып бере баштайт. Биометрикалык белгилерди бардык 16 жашка толгон кыргызстандыктар милдеттүү түрдө тапшырууга тийиш. Биометрикалык каттоо 2015-жылы боло турган парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүнү камсыздоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан